Финансы министрлиги "Айыл банктын" акционерлер курамынан чыкты

Финансы министрлиги "Айыл Банктын" акционерлеринин курамынан чыкты. Эми каржы мекемесинин жалгыз ээси Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги болуп саналат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

"Айыл Банктын" акционерлеринин курамынан чыгуу чечимин Финансы министрлиги 18-августта кредиттик мекеменин акционерлеринин кезексиз жыйынында кабыл алган. Акыркы убакка чейин каржы бөлүмү банктын 22.3% акциясына ээлик кылса, калган 77.7% акция ММБАга тиешелүү болгон.

Азыр эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик "Айыл Банктын" жалгыз кожоюну болуп калды. Анын акциялар пакети 7.6 млрд сомго бааланган. Ошол эле учурда биржанын билдирүүсүндө Финансы министрлиги мамлекеттик банкка көзөмөлдү кантип өткөрүп бергендиги, акцияларды мамлекеттик агенттикке саткан же өткөрүп бергени тууралуу маалымат берилген жок.