Жарым жылда карталар менен 203 млрд сомго 53 миллиондон ашык транзакциялар жүргүзүлгөн

2023-жылдын экинчи кварталынын жыйынтыгы боюнча карталар менен жалпы суммасы 203 млрд сомду түзгөн 53.6 млн транзакция жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын биринчи жарым жылдыгында КРнын төлөм системасынын абалы жөнүндөгү отчетунда белгилүү болду.

Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу транзакциялардын саны 74%га, ал эми төлөмдөрдүн жүгүртүүсү 68.9%га көбөйүп, үстүбүздөгү жылдын башынан бери өсүш 35.4% жана 19.3% түздү.

Алардын ичинен накталай акча алуу операцияларынын саны 24.9 млн транзакцияга жетип, жалпы суммасы 163.1 млрд сомду түзгөн. Ал эми соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн транзакциялардын саны 28.7 млн ​​транзакцияны түзүп, жалпы суммасы 39,9 млрд сом болгон.