> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Кыргызстанда QR-код аркылуу 488 млн сомдук төлөмдөр жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/21/zhyl-bashynan-bieri-kyrghyzstanda-qr-kod-arkyluu-488-mln-somduk-tolomdor-zhurghuzuldu/
- Published: 2023-08-21T04:19:11.000Z
- Updated: 2023-08-21T04:19:11.000Z
- Author: Назира Абдиева
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча QR-коддорун колдонуу менен система аркылуу дээрлик 488 млн сомдук 307.5 ​​миң төлөм жүргүзүлгөн. Мындай маалыматтар Улуттук банктын тиешелүү мезгилдеги КРнын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчетунда айтылат.**

Анын ичинен мамлекеттик кызматтарда 21.5 млн сом суммасында 13.3 миң төлөм аткарылган. Өлкөдө системалар аралык интеграциянын алкагында 2023-жылдын 1-июлуна карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында **12 874 QR-код** орнотулду.

Өлкөдө QR-коддору боюнча төлөмдөрдүн көбү Бишкек шаарында жүргүзүлөт – 47%. Башка аймактардагы үлүш төмөнкүдөй:

- Ош облусу — 13%;
- Чүй облусу — 12%;
- Жалал-Абад облусу — 10%;
- Ысык-Көл облусу — 7%;
- Баткен облусу — 5%;
- Нарын облусу — 3%;
- Талас облусу — 3%.