Жыл башынан бери Кыргызстанда QR-код аркылуу 488 млн сомдук төлөмдөр жүргүзүлдү

Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча QR-коддорун колдонуу менен система аркылуу дээрлик 488 млн сомдук 307.5 ​​миң төлөм жүргүзүлгөн. Мындай маалыматтар Улуттук банктын тиешелүү мезгилдеги КРнын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчетунда айтылат.

Анын ичинен мамлекеттик кызматтарда 21.5 млн сом суммасында 13.3 миң төлөм аткарылган. Өлкөдө системалар аралык интеграциянын алкагында 2023-жылдын 1-июлуна карата банктар жана төлөм уюмдары тарабынан соода жана тейлөө ишканаларында 12 874 QR-код орнотулду.

Өлкөдө QR-коддору боюнча төлөмдөрдүн көбү Бишкек шаарында жүргүзүлөт – 47%. Башка аймактардагы үлүш төмөнкүдөй:

  • Ош облусу — 13%;
  • Чүй облусу — 12%;
  • Жалал-Абад облусу — 10%;
  • Ысык-Көл облусу — 7%;
  • Баткен облусу — 5%;
  • Нарын облусу — 3%;
  • Талас облусу — 3%.