Санкция Western Union менен "Золотая Коронага" тийди — КРга акча Astrasend системасы аркылуу агыла баштады

2023-жылдын II кварталында Кыргызстанга эл аралык акча которуу системалары аркылуу жалпы суммасы 53.5 млрд сомго 1.8 млн которулганы катталган. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге аз. Негизги оюнчулардын позициялары да өзгөрө баштады. Төмөндө Улуттук банктын өлкөнүн төлөм системасынын абалы боюнча соңку баяндамасын изилдеп көрдүк.

Үстүбүздөгү жылдын II кварталында транзакциялардын басымдуу бөлүгү "Золотая Корона" которуу системасы аркылуу ишке ашырылып, ал 23 млрд сомду түзгөн, бирок өткөн жылы бул сиситема аркылуу келген акчанын  көлөмү 87.8 млрд сомду түзгөн.

Көрсөткүчтөрдүн кескин төмөндөшүн ушул жылдын март айында батыштын санкцияларына кабылган бир катар ири россиялык банктардын карталарынан "Золотая Корона" менен чет өлкөгө акча которууларды чектегени менен түшүндүрүүгө болот. Атап айтканда, "Тинькофф", "Альфа-банк" жана Сбербанктын карталарынан чектөө болгон. Ошол эле учурда Кыргызстанда трансферттердин көлөмү жана саны боюнча "Золотая Корона" мурдагыдай эле лидер болуп келет.

"Золотая коронадан" кийин "Юнистрим" системасы турат, бирок Кыргызстандагы бир катар банктар акыркы айларда АКШ санкция киргизгенден кийин ал менен иштегенин токтотушкан. Ошол эле учурда, үстүбүздөгү жылдын экинчи чейрегинде "Золотой Корона" системасы аркылуу которууларга чектөө. киргенден кийин "Юнистрим" аркылуу которулган акчалардын көлөмү өскөн. Кыргызстанда "Юнистрим" аркылуу 12.7 млрд сомго 463.5 миң транзакция жасалган.

2023-жылдын экинчи чейрегинде өткөн жылдын ноябрында Улуттук банк тарабынан катталган россиялык Astrasend акча которуу системасы которуулардын көлөмү боюнча үчүнчүгө чыкты. КРга бул жаңы система боюнча келген акчанын көлөмү 7.4 млрд сомду түздү.

КРдагы эң алдыңкы беш акча которуу системаларына дагы Contact жана Western Union кирет. Алардын жардамы менен экинчи кварталда КРга тиешелүүлүгүнө жараша 3.3 млрд жана 2.8 млрд сом өлчөмүндө трансферттер жүргүзүлгөн. Үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында башка акча которуу системалары боюнча 5.6 млрд сом келген.