> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда мал базарлардын жарымы гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/29/kyrghyzstanda-mal-bazarlardyn-zharymy-ghana-vietierinardyk-sanitardyk-talaptargha-zhoop-bieriet/
- Published: 2023-08-29T08:18:52.000Z
- Updated: 2023-08-29T08:18:52.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, базарлардын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. 23 мал базардын ээсине райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.

Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.