Кыргызстанда мал базарлардын жарымы гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет

Бүгүнкү күндө республика боюнча 45 мал базар ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, базарлардын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. 23 мал базардын ээсине райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.

Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.