> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/08/29/uluttuk-bank-esieptik-chiendi-13-diengheelindie-saktap-kaldy-3/
- Published: 2023-08-29T05:30:08.000Z
- Updated: 2023-08-29T05:30:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРУБ билдирди.**

Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык чөйрөдө баа конъюнктурасы глобалдуу инфляциянын бара-бара басаңдоо мүнөзүнө ээ болгон, бул көпчүлүк өлкөлөрдө катуулатылган акча-кредиттик шарттардын азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын акырындап төмөндөшү менен айкалышта шартталган. Бирок базалык инфляция көрсөткүчүнүн динамикасы жогору мааниде туруктуу сакталууда. 

Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөгөндүгү байкалган – 2023-жылдын август айында (18ине карата) жылдык мааниде инфляция 9.4%ды, өтүп жаткан жылдын башталышынан тартып – 5.3%ды түзгөн. Жемиштерге жана жашылчаларга, майларга жана тоң майларга баалардын сезондук арзандашы азык-түлүк инфляция көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө өбөлгө түзүүдө, ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын туруктуу сакталып турушу инфляциялык процесстердин басаңдоосун ооздуктоодо.