Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРУБ билдирди.

Маалыматка ылайык, тышкы экономикалык чөйрөдө баа конъюнктурасы глобалдуу инфляциянын бара-бара басаңдоо мүнөзүнө ээ болгон, бул көпчүлүк өлкөлөрдө катуулатылган акча-кредиттик шарттардын азык-түлүк рынокторунда дүйнөлүк баалардын акырындап төмөндөшү менен айкалышта шартталган. Бирок базалык инфляция көрсөткүчүнүн динамикасы жогору мааниде туруктуу сакталууда.

Кыргызстанда жылдык инфляция көрсөткүчү төмөндөгөндүгү байкалган – 2023-жылдын август айында (18ине карата) жылдык мааниде инфляция 9.4%ды, өтүп жаткан жылдын башталышынан тартып – 5.3%ды түзгөн. Жемиштерге жана жашылчаларга, майларга жана тоң майларга баалардын сезондук арзандашы азык-түлүк инфляция көрсөткүчүнүн төмөндөшүнө өбөлгө түзүүдө, ошол эле учурда азык-түлүктөн башка товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын туруктуу сакталып турушу инфляциялык процесстердин басаңдоосун ооздуктоодо.