Өлкөдө 90 миң гектардан ашуун жерге зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү

Өлкөдө 90 миң гектардан ашуун жерге зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, 2023-жылы зыяндуу чегирткелердин биринчи чыгышы 1-апрелде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган (былтыркы жылга салыштырмалуу 10 күнгө эрте).

ӨХККР адистери жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте чегирткелердин личинкаларын табуу боюнча республика боюнча 90 780 га айыл чарба жерлерине изилдөө иштерин жүргүзүлгөн. Анын ичинен чегирткелер табылган аянт 63 950 га, иштетиле аянт 63 310 га, иштетилген аянт 63 010 га, анын ичинен Жалал – Абад облусунда – 14 000 га, Баткен облусунда – 17 600 га, Ош облусунда – 6500 га, Чүй облусунда – 4380 га жана Нарын облусунда – 20 530 га.