> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бир айдын ичинде бажычылар 9.7 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултушту – план 4.6%га ашык аткарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/06/2023-zhyldyn-avghust-aiynda-bazhychylar-9-7-mlrd-som-bazhy-tolomdorun-choghultushtu-plan-4-6-gha-ashyk-atkaryldy/
- Published: 2023-09-06T09:50:29.000Z
- Updated: 2023-09-06T09:50:28.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын август айына (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) Бажы кызматы республикалык бюджетке 9.77 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Такталгандай, 2022-жылдын август айына салыштырмалуу түшүү 2.2 млрд сомго көбөйдү. План 4.6%га аткарылып, 783.7 млн сомго ашыкча чогултулган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 68.5 млрд сомду түздү. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу түшүү 23.7 млрд сомго көбөйгөн. Белгиленген пландык көрсөткүчтөр 7.6%га ашык аткарылган же 4.8 млрд сомго көп чогултулган.