Бир айдын ичинде бажычылар 9.7 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогултушту – план 4.6%га ашык аткарылды

2023-жылдын август айына (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) Бажы кызматы республикалык бюджетке 9.77 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, 2022-жылдын август айына салыштырмалуу түшүү 2.2 млрд сомго көбөйдү. План 4.6%га аткарылып, 783.7 млн сомго ашыкча чогултулган.

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча (2023-жылдын 1-сентябрынын абалына карата) бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү 68.5 млрд сомду түздү. 2022-жылдын 8 айына салыштырмалуу түшүү 23.7 млрд сомго көбөйгөн. Белгиленген пландык көрсөткүчтөр 7.6%га ашык аткарылган же 4.8 млрд сомго көп чогултулган.