Баткен облусуна бөлүнгөн 1.5 млрд сом өздөштүрүлгөн жок – минкаб

ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Баткен облусунун статусу жөнүндөгү» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чыңгыз Ажыбаев белгилегендей, Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кошумча материалдык, финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылат. Тагыраагы, мыйзам долбоорунда аталган мамлекеттик программага жыл сайын  берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1.5 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда.  

Министрлер кабинетинин өкүлү аталган мыйзам долбоору боюнча бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу терс корутунду бар экенин белгиледи. Депутат Чынгыз Ажибаев каражаттын өздөштүрүлбөй жатышы финансы каражаттары жыл аягында бөлүнүп жаткандыгынан улам болуп жатканын белгиледи. Депутат Дастанбек Жумабеков мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны кабыл алуу үчүн Министрлер кабинетинин оң корутундусу зарылдыгын белгиледи.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова Баткен облусу үчүн 1,5 млрд сом каражатты табуу керектигин айтты.