> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ИПД 3.3%га жогорулап 677 млрд сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/12/ipd-3-3-gha-zhoghorulap-677-mlrd-somdu-tuzdu/
- Published: 2023-09-12T05:15:22.000Z
- Updated: 2023-09-12T05:15:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3.3%га жогорулды жана 677 млрд ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.**

ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1.2%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4.5% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52.8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0.2% пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 28.5% түзүп, 3.6% пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.9% пунктка, айыл чарбасы 1.4% пунктка жана курулушта 0.1% пунктка төмөндөгөн.