ИПД 3.3%га жогорулап 677 млрд сомду түздү

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоолор боюнча, 2023-жылдын январь-августунда ѳткѳн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 3.3%га жогорулды жана 677 млрд ашык сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

ИДПнын өсүүсү товардык өндүрүш, жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 1.2%, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4.5% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (52.8%) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип, өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0.2% пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 28.5% түзүп, 3.6% пунктка тѳмѳндѳгѳн. Муну менен бирге, өнөр жайдын үлүшү өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.9% пунктка, айыл чарбасы 1.4% пунктка жана курулушта 0.1% пунктка төмөндөгөн.