2024-жылы Финансы министрлиги 600 млрд сомдон ашык чогултууну пландоодо

2024-жылы Финансы министрлиги КР консолидацияланган бюджетине 600.7 млрд сом чогултууну көздөп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйынында финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев билдирди.

Сүйналиев министрлер кабинетинин жыйынында 2024-2028-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун сунуштады.

Ал белгилегендей, 2024-жылы жалпы мамлекеттик сектордун бюджетинин же консолидацияланган бюджеттин ресурстары 600.7 млрд сом деңгээлинде пландаштырылган.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылы консолидацияланган бюджеттин кирешеси 607.6 млрд сомду түздү. Ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында 425 млрд сомдон ашык чогултулган.