38 кыргызстандык ишкана Өзбекстандын Бирдиктүү реестрине катталды

Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында, 2023-жылы 38 ишкана Өзбекстандын Бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, экспорттоого мүмкүнчүлүк алган ишканалар:

сүттү кайра иштетүүчү ишканалар – 14;

балыкты кайра иштетүүчү ишканалар – 6;

эт жана эт азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар – 7;

тамак-аш азыктарын кайра иштетүүчү ишканалар – 11.