Республикалык бюджет 20.4 млрд сомго ашыгы менен аткарылды – Финансы министрлиги

Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айы үчүн КРнын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө алдын ала маалыматты берди.

Республикалык бюджеттин аткарылышынын негизги көрсөткүчтөрү

Алдын ала маалыматтар боюнча республикалык бюджет боюнча (атайын каражаттар, МИ, ТИМ жана финансылык эмес активдерди сатууларды эсепке алганда) 229.8 млрд сом суммасындагы жыйынды кирешелердин жана 209.3 млрд сом суммасындагы жыйынды чыгымдарды негизинде 20.4 млрд сом суммасында профицит менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилинде профицит 1.6 млрд сомду түзгөн.

Мында, 2023-жылдын январь-августунда тартыштыкты жабуу булактары боюнча аткаруу – (-) 6.4 млрд сомду түздү, анын ичинен:

Ички булактар  -  (-) 8.7 млрд сом

Тышкы булактар – 2.2 млрд сом.

2023-жылдын январь-август айларында белгиленген план боюнча 205 млрд сом республикалык бюджетке жыйынды кирешелеринин жалпы көлөмү иш жүзүндө 229.8 млрд сом түшкөн же пландык тапшырма 24.8 млрд сомго ашык аткарылган же 12.1% түздү. 2022-жылга салыштырмалуу аткарылган кирешелер 38.2%га же 63.6 млрд сомго көбөйгөн.

Республикалык бюджетке салыктык кирешелер 165.3 млрд сом өлчөмүндө түшкөн, ал эми план боюнча 160 млрд сомду түзөт. Такталган план 3.4 млрд сом суммага көп аткарылган.