> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ветеринария кызматына 599 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/13/vietierinariia-kyzmatyna-599-mln-som-bolundu/
- Published: 2023-09-13T09:20:55.000Z
- Updated: 2023-09-13T09:20:54.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.** 

Такталгандай, бюджеттик каражаттар 743.6 млн сомду түзөт. Анын ичинде:

\- эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86.9 млн сом;

\- ветеринардык диагностикага – 205.6 млн сом;

\- жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.

2023-жылдын 31-августуна карата каралган каражаттын эсебинен 599.1 млн сом каржыланды.

 Жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137 млн сом каралган.