Ветеринария кызматына 599 млн сом бөлүндү

Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына 2023-жылга такталган бюджет 749 млн сом суммасында каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, бюджеттик каражаттар 743.6 млн сомду түзөт. Анын ичинде:

- эпизоотияга каршы иш-чараларга – 86.9 млн сом;

- ветеринардык диагностикага – 205.6 млн сом;

- жаныбарларды идентификациялоого – 30 млн сом.

2023-жылдын 31-августуна карата каралган каражаттын эсебинен 599.1 млн сом каржыланды.

Жыл ичинде эмгек акы жана соцфонд беренелери боюнча кошумча 137 млн сом каралган.