«Кыргыз экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Кыргыз Экспорт»экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Бул чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө кабыл алынды.

Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр белгиленди:

· КРнын экспорттук потенциалын стимулдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу;

· продукцияны экспорттоону илгерилетүү бөлүгүндө КРнын эл аралык жана региондор аралык тышкы экономикалык байланыштарын өнүктүрүү;

· экспортту илгерилетүү жолу менен КРнын экономикасын диверсификациялоого көмөктөшүү;

· экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктардын, коомдук бирикмелердин, илимий жана башка уюмдардын координацияланышын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу.