Кыргызстандын фермерлери былтыркыга салыштырмалуу этти 1.3%га көп өндүрүштү

2023-жылдын 1-сентябрына карата республиканын бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 266.8 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 484 тоннага же 1.3%га көп өндүрүлгөн.