Экономика министрлиги 2024-2026-жылдарга карата КРнын эталондук базасын өнүктүрүү программасынын иштеп чыкты

Экономика жана коммерция министрлиги 2024-2026-жылдарга карата КРнын эталондук базасын өнүктүрүү программасынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоор өлчөө натыйжаларын эл аралык таанууга жана КРнын экономикасынын тармактарында ченөөлөрдү метрологиялык камсыздоого болгон керектөөлөрдү эң толук канааттандырууга жетишүү максатында, КР 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына, КР 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын 175-пунктуна, 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарына ылайык иштелип чыкты.

Программанын долбоорунда 2024-жылдан 2026-жылга чейин этап-этабы менен негизги багыттарда: температура, электр энергиясы, узундук, басым, нымдуулук, кичине көлөмдөр боюнча эталондук жабдууларды алуу каралган. Бул эл чарбасынын ар кандай тармактарында мамлекетте ишенимдүү өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн кеңири таралган жана зарыл болгон өлчөөлөрдүн негизги түрлөрү. Ар бир эталондук жабдуулар негизги жана көмөкчү жабдууларды камтыйт.

2024-2026-жылдарга Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы иштелип чыкты.

2024-жылы 65 350 000 сомго, 2025-жылы 29 млн 650 миң сомго, 2026-жылы 17 млн сомго эталондук жабдуулардын комплексин сатып алуу пландаштырылууда. Жалпысынан эталондук жабдууларды сатып алууга 112 млн сом керектелет.