Кара-Кеченин көмүрүн Бишкекке темир жолу менен түз жеткиргенде баасы 4 100 сом болот – Таалайбек Ибраев

Кара-Кеченин көмүрүн Бишкекке темир жолу менен түз жеткиргенде бир тоннанын баасы 4 100 сом болот. Бул тууралуу ЖК «Ишеним» фракциясынын отурумунда Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, азыр көмүрдү кампаларга жеткирип ар бир жүк ташууү унааларга салып бергенге дагы 400 сом кошулат, ошондо көмүрдүн толук баасы 4 500 сомду түзөт.

«Кара-Кече көмүрүнүн баасы 5 миң сомдон ашырбайбыз, импорттолгон көмүрдүкү 6 миң сомдон ашпаш керек деген милдет коюп жатабыз», - деди министр.