Бишкектин ЖЭБне 275 миң тонна көмүр жеткирилди

2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборунда көмүр алуу процесси уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖЭБна 40 вагон жергиликтүү Кара-Кече көмүрү ташылып келүүдө. Жалпысынан Кара-Кече разрезинен 600 миң тонна, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр жана Казакстандан 550 миң тонна көмүр сатып алууга келишимдер түзүлгөн.

Ошентип, бүгүнкү күндө ЖЭБдин кампаларында 187 миң тонна жергиликтүү көмүр жана 88 миң тонна импорттук көмүр бар.

Белгилей кетсек, алдыдагы күз кыш мезгилине ЖЭБге 1.2 млн тонна катуу отун керектелет.