> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Манас” аэропорту сатып алган жаңы учактардын баасы 12 млн долларды түзөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/19/manas-aeroportu-satyp-alghan-zhany-uchaktardyn-baasy-12-mln-dollardy-tuzot/
- Published: 2023-09-19T06:15:14.000Z
- Updated: 2023-09-19T06:15:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**“Манас” аэропорту сатып алган жаңы учактардын ар биринин баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт. Бул тууралуу “МАМ” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов маалымат жыйынында билдирди.**

Анын айтымында, учактар толугу менен «Манас» аэропортунун жеке каражатына мурунку жылдардагы таза кирешеге сатылып алынган. Учурда эки гана учак сатылып алынган. Алар жаңы түзүлгөн MAM “Асман Эйралайнс” компаниясына таандык болот.

> "Учактар жаңы, 2013-жылы. Канадада жасалган. Алар 2024-жылдын май айында келет", - деп баса белгиледи Самидинов.

Ал ошондой эле жакынкы аралыкта дагы эки окшош учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.