“Манас” аэропорту сатып алган жаңы учактардын баасы 12 млн долларды түзөт

“Манас” аэропорту сатып алган жаңы учактардын ар биринин баасы болжол менен 6 млн долларды түзөт. Бул тууралуу “МАМ” ААКнын жетекчиси Манасбек Самидинов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учактар толугу менен «Манас» аэропортунун жеке каражатына мурунку жылдардагы таза кирешеге сатылып алынган. Учурда эки гана учак сатылып алынган. Алар жаңы түзүлгөн MAM “Асман Эйралайнс” компаниясына таандык болот.

"Учактар жаңы, 2013-жылы. Канадада жасалган. Алар 2024-жылдын май айында келет", - деп баса белгиледи Самидинов.

Ал ошондой эле жакынкы аралыкта дагы эки окшош учак сатып алуу пландалып жатканын кошумчалады.