“Манас” аэропортунда жаңы аэровокзал курулат – бирок долбоор даяр эмес

"Манас" аэропортунда саатына кеминде 1.5 миң адамды өткөрүүгө мүмкүн болгон жаңы аэровокзал куруу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында "Манас" ААКнын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Анын айтымында, азырынча техникалык-экономикалык негиздемеси даярдала элек. Бирок биз Бишкектеги аэропорттун инфраструктурасын кантип жакшыртуу боюнча план даярдалып жатат.

“Кошумча учуу тилкесин куруу планы да бар, бирок баарын эсептеп чыгышыбыз керек", - деди ал.