> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусуна 379.3 млн сом каржыланды – Финансы министрлиги
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/19/naryn-oblusuna-379-3-mln-som-karzhylandy-finansy-ministrlighi/
- Published: 2023-09-19T08:25:43.000Z
- Updated: 2023-09-19T08:25:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 379.3 млн сом каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Такталгандай, бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 279.4 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 23 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 37 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 5.7 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 34.2 млн сом.