Нарын облусуна 379.3 млн сом каржыланды – Финансы министрлиги

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен 379.3 млн сом каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Такталгандай, бюджеттер аралык трансферттер:

• теңдөөчү трансферт – 279.4 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 23 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 37 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 5.7 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 34.2 млн сом.