1 айда бюджетке 36.3 млн сом суюлтулган көмүрсуутек газына акциз салыгы түштү

Салык кызматы 2023-жылдын август айында 36,3 млн сом суюлтулган көмүрсуутек газына акциз салыгын жыйнады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-июлунан тартып автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газына (ТЭИ ТН 2711110000 – 2711190000) тоннасына 3 миң сом өлчөмүндө акциз салыгы салынат.