Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз — Бакыт Төрөбаев

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө казак унунун баасынын жогорулашы жана мүмкүн болуучу күйүүчү-майлоочу майга болгон баанын көтөрүлүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби Казакстан Республикасынан Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордун сезондук тыгыны экендиги белгиленди.

“Эгерде буудайдын чыныгы тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканалары үчүн керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө республикага контрабандалык продукцияны, анын ичинде унду ташып келүү маселелери талкууланды.