> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу кыскача отчетун берди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/20/enierghietika-ministrlighi-casa-1000-kurulushunun-zhurushu-tuuraluu-kyskacha-otchietun-bierdi/
- Published: 2023-09-20T04:30:56.000Z
- Updated: 2023-09-20T04:30:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу кыскача отчетун берди.**

Такталгандай, Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады.

Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.