Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу кыскача отчетун берди

Энергетика министрлиги CASA-1000 курулушунун жүрүшү тууралуу кыскача отчетун берди.

Такталгандай, Кыргызстанда CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында азыркы учурда 1 243 тирөөчтүн курулуш аянтчаларына кирме жолдорду куруу (100%), тирөөчтүн чуңкурларын казуу (100%), тирөөчтөрдү арматуралоо жана бетондоо (100%) иштери аяктады.

Учурда тирөөчтөрдү орнотуу иштери 100% аткарылды же 1243 тирөөч орнотулду жана 287,45 чакырым (63%) зымдар тартылды.

Маалымдама: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталган жана эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.