Кытайдын Кызыл-Суу шаары Ош менен инвестициялык кызматтташууга кызыкдар

Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү кытайлык Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунунун жетекчилиги жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча сүйлөшүлүп, Кытай ишкерлери тарабынан сунушталган Ош шаарынын аймагында айыл чарба техникасын чыгаруучу заводду куруу маселеси талкууланды.

Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов Ош шаары тууралуу кыскача маалымат берип, Кытай Эл Республикасынын бир катар шаарлары менен боордош мамиле түзүлгөнүн белгилеп, өз ара байланыштарды бекемдөө максатында Ош мэриясы тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

Жоң Зиоу мырза Ош шаары тууралуу жакшы ой-пикирлерин айтып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин билдирип, шаар бийлигинин өкүлдөрүн Кызыл-Суу шаарына чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар долбоорлорду ишке ашыруу үчүн тыгыз байланышта болууну макулдашышты.