> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусуна республикалык бюджеттен 777.4 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/20/osh-oblusuna-riespublikalyk-biudzhiettien-777-4-mln-som-bolundu/
- Published: 2023-09-20T06:32:00.000Z
- Updated: 2023-09-20T06:32:00.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылдын 8 айына карата Ош облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 777.4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Бөлүнгөн каражаттар:

• теңдөөчү трансферт – 627.1 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 46.3 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 16.3 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 19.2 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 68.5 млн сом.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1.18 млрд сом бөлүндү.