Ош облусуна республикалык бюджеттен 777.4 млн сом бөлүндү

2023-жылдын 8 айына карата Ош облусуна республикалык бюджеттин эсебинен 777.4 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бөлүнгөн каражаттар:

• теңдөөчү трансферт – 627.1 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 46.3 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсацияга – 16.3 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 19.2 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 68.5 млн сом.

Мындан тышкары, капиталдык салымдар беренеси боюнча 211 объектке 1.18 млрд сом бөлүндү.