Армениялык "Ташир" компаниялар тобу электр энергетикасы тармагында кызматташууга кызыкдар

Бүгүн, 21-сентябрда Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен "Ташир" компаниялар Тобунун биринчи вице-президенти Карен Дарбиняндын ортосунда меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу министрлик билдирди.

Меморандум КРнын аймагында чакан ГЭСтердин, күн электр станцияларынын технологияларын колдонуу менен электр энергиясын генерациялоо, бөлүштүрүүчү тармактар үчүн электр тармактык жабдууларды өндүрүү жана электр энергетикасы чөйрөсүндө консультациялык-башкаруу кызматтарын көрсөтүү жаатында кызматташууга багытталган.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев меморандум Кыргызстанда күн жана гидроэлектрстанцияларын курууда жана эксплуатациялоодо заманбап технологияларды киргизүү, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүү секторун оптималдаштыруу жана электр тармактардагы жоготууларды азайтуу жаатында тыгыз кызматташууга негиз болот деп ишеним билдирди.

Кол коюу аземинин жүрүшүндө тараптар пикир алмашып, эки өлкө ортосундагы электр энергетикасы тармагындагы маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Маалымат үчүн: "Ташир" компаниялар Тобу — Армениядагы эң ири диверсификацияланган өнөр жай-курулуш топторунун бири, анын курамына экономиканын жана энергетиканын ар кандай тармактарында иштеген 200гө жакын компаниялар жана ишканалар кирет.