> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 2026-жылы тышкы соода жүгүртүүнү 14.5 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/21/kyrghyzstan-2026-zhyly-tyshky-sooda-zhughurtuunu-14-5-mlrd-dollargha-zhietkiruunu-plandoodo/
- Published: 2023-09-21T12:33:14.000Z
- Updated: 2023-09-21T12:33:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” (Made in KG) улуттук экспорттук программасы иштелип чыгып, аны ишке ашыруу тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган. Бул тууралуу маалымат 2024-жылга республикалык бюджеттин жана 2025-2026-жылдарга пландын долбоорунда жазылган.**

Алсак, Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылдагы 13.3 млрд доллардан 2026-жылы 14.5 млрд долларга чейин өсөт деп болжолдоодо. Анын ичинде:

Товарлардын экспорту 2024-жылы 2.8 млрд доллардан 2026-жылы 3 млрд долларга чейин өсөт. Товарлардын импорту 2024-жылдагы 10.5 млрд доллардан 2026-жылы 11.5 млрд долларга чейин өсөт.