Кыргызстан 2026-жылы тышкы соода жүгүртүүнү 14.5 млрд долларга жеткирүүнү пландоодо

Кыргызстанда 2023-2026-жылдарга “Кыргызстанда жасалган” (Made in KG) улуттук экспорттук программасы иштелип чыгып, аны ишке ашыруу тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган. Бул тууралуу маалымат 2024-жылга республикалык бюджеттин жана 2025-2026-жылдарга пландын долбоорунда жазылган.

Алсак, Финансы министрлиги Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2024-жылдагы 13.3 млрд доллардан 2026-жылы 14.5 млрд долларга чейин өсөт деп болжолдоодо. Анын ичинде:

Товарлардын экспорту 2024-жылы 2.8 млрд доллардан 2026-жылы 3 млрд долларга чейин өсөт. Товарлардын импорту 2024-жылдагы 10.5 млрд доллардан 2026-жылы 11.5 млрд долларга чейин өсөт.