Кыргызстан Борбор Азиянын өлкөлөрүн айыл чарба тармагындагы кызматташууну күчөтүүгө чакырды

Кытайдын Янлин шаарында “Кытай – Борбор Азия” аталышындагы Айыл чарба министрлеринин I жолгушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Эл аралык иш-чарага Кыргызстандын айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков, ошондой эле анын Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Кытайдан кесиптештери катышууда.

Министр өз сөзүндө бул жолугушуу айыл чарба жаатында маселелерди талкуулоо менен гана чектелбестен, аны коңшу мамлекеттердин министрлери менен биргеликте комплекстүү чечүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи. Ошондой эле, Кыргызстан органикалык өндүрүштү жайылтуу менен табигый таза азык-түлүк менен камсыздоо, сандан сапатка өтүү менен асыл тукум мал чарбасын жакшыртуу жана заманбап технологиялык инновацияларды жайылтуу жаатында сунуштарын айтып, кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Министр Кыргыз-Кытай кызматташтыгын мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду:

• органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү биргелешкен ишканаларды түзүү менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү;

• эл аралык кардарлар үчүн ар тараптуу кызмат көрсөтүүчү Кыргыз-Кытай текшерүү жана серфитикаттоо тобунун филиалдарын ачуу;

• өсүмдүк өстүрүүдө, мал чарбасында, айыл чарба техникаларын курууда жана инновациялык технологияларынын демонстрациялык борборлорун куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду түзүү;

• айыл чарба тармагында тажрыйба, билим алмашуу.