Талас облусу бюджеттен 153.8 млн сомго каржыланган

2023-жылдын 8 айында Талас облусун каржылоого республикалык бюджеттин эсебинен 153.8 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен бюджеттер аралык трансферттер:

 теңдөөчү трансферт – 128.5 млн. сом;

 ыйгарым укуктарды берүүгө – 10.5 млн. сом;

 электрэнергия болгон 50% компенсациясына – 1.4 млн. сом;

 жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 13.4 млн. сом.

Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 60 объектиге 221.5 млн сом жумшалды.