> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Чүй облусуна 292 млн сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/21/zhyl-bashynan-bieri-chui-oblusuna-292-mln-som-bolundu/
- Published: 2023-09-21T05:19:13.000Z
- Updated: 2023-09-21T05:19:13.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер катары 292 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

• теңдөөчү трансферт – 218.8 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 33.2 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 1.2 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 38.8 млн сом.

Мындар тышкары, Капиталдык салымдар беренеси менен 104 объектке 327.9 млн сом каржыланды.