Жыл башынан бери Чүй облусуна 292 млн сом бөлүндү

Чүй облусу боюнча 2023-жылдын 8 айына карата республикалык бюджеттин эсебинен жалпысынан бюджеттер аралык трансферттер катары 292 млн сом өлчөмүндө акча каражаты каржыланган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, каражаттар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

• теңдөөчү трансферт – 218.8 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 33.2 млн сом;

• электрэнергиясына болгон 50% компенсациясына – 1.2 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 38.8 млн сом.

Мындар тышкары, Капиталдык салымдар беренеси менен 104 объектке 327.9 млн сом каржыланды.