> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна 1.4 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/21/zhyl-bashynan-bieri-zhalal-abad-oblusuna-1-4-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2023-09-21T09:45:15.000Z
- Updated: 2023-09-21T09:45:14.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылы 8 айында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд 461.9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Министрлик белгилегендей, бөлүнгөн каражат төмөндөгүдөй каржыланды:

• теңдөөчү трансферт – 372.4 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 36.4 млн сом;

• электр энергия болгон 50% компенсацияга – 16.8 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 18 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 69 млн сом;

• Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө – 949.3 млн сом.

Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 189 объектиге 1 млрд 60 млн сом жумшалды.