Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна 1.4 млрд сом бөлүндү

2023-жылы 8 айында Жалал-Абад облусу боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 1 млрд 461.9 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Министрлик белгилегендей, бөлүнгөн каражат төмөндөгүдөй каржыланды:

• теңдөөчү трансферт – 372.4 млн сом;

• ыйгарым укуктарды берүүгө – 36.4 млн сом;

• электр энергия болгон 50% компенсацияга – 16.8 млн сом;

• жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 18 млн сом;

• айыл өкмөттөрдүн башкы планына – 69 млн сом;

• Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө – 949.3 млн сом.

Мындан тышкары, Капиталдык салымдар беренеси боюнча 189 объектиге 1 млрд 60 млн сом жумшалды.