АКШнын банкирлери Кыргызстанга биринчи суверендүү еврооблигацияларды чыгарууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров, 21-сентябрда, Нью-Йорк шаарында америкалык Oppenheimer Asset Management көп улуттук инвестициялык банкынын жана компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Oppenheimer Asset Management компаниясынын президенти Роберт Ловенталь жана башкармалыктын төрагасы Альберт Ловенталь менен ишкердик баарлашуу компаниянын башкы кеңсесинин имаратында болуп өттү.

Тараптар мүмкүн болгон биргелешкен пландар жана долбоорлор боюнча, анын ичинде банк-финансы тармагында пикир алмашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Роберт менен Альберт Ловенталдар Кыргызстанга биринчи суверендүү еврооблигацияларды чыгарууну сунуштады, бул кийинчерээк NYSEде кыргыз компанияларынын IPOсуна жол ачат.

Мамлекет башчысы бул демилгени канааттануу менен кабыл алып, маселени тереңирээк изилдөө зарылдыгын белгиледи.