> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого алты айга тыюу салынды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2023/09/25/aiyl-charba-tovarlarynyn-airym-turlorun-eksporttoogho-alty-aigha-tyiuu-salyndy/
- Published: 2023-09-25T04:40:25.000Z
- Updated: 2023-09-25T04:40:24.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Экономика, #Import 2025-07-22 12:57

**Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Токтом минкабдын расмий сайтында жарыяланды.**

Токтомго ылайык, айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн КРнын аймагынан тышкары экспорттоого алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды.

Минкаб Бажы кызматы, Айыл чарба министрлиги, Чек ара кызматыны айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн деп милдеттендирди.