Акылбек Жапаров “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында “Иннопром Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

“Жаңы мезгилдин өнөр жай стратегиялары” пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө МинКаб Төрагасы экономиканын негизи болгон өнөр жай сектору “салттуу түрдө өлкөлөрдүн өнүгүүсүнүн жалпы курсун аныктайт” деп белгиледи.

“Иннопром биздин өлкөлөрүбүздүн инновациялык жана өнөр жайдын потенциалын ырааттуу өнүктүрүүгө биздин жалпы умтулуубуздун далили. Кыргызстан ар дайым аймактык кызматташтыктын эбегейсиз зор маанисин түшүнүп келет жана өзгөрүп жаткан дүйнөнүн азыркы динамикасы бизден салттуу өнөктөштөр катары саясий эркти жана өнөр жай кооперациясына, жашоонун бардык чөйрөлөрүндө адилет интеграцияга карай биргелешкен чечкиндүү аракеттерди талап кылат”, – деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле өнөр жайды жана экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, “дүйнөдөгү жаратылыш ресурстарынын тез түгөнүп жатышы азыркы замандын башка чакырыктары менен бирге бизден дагы натыйжалуу кадамдарды жасоону жана пайдалуу чечимдерди кабыл алуу талап кылынаарына” көңүл бурду.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Астана шаарында “ИННОПРОМ Казакстан” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлүүдө, ал машина куруу, кеме куруу, станок куруу, химия, металлургия, текстиль жана авиация өнөр жайларына арналган. Көргөзмөдө дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөнүн алдыңкы өнөр жай жана инновациялык компаниялары өз экспозицияларын тартуулашат.