Акылбек Жапаров: кыргыз-казак форумунда 60 млн доллардан ашуун келишимдерге кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тараз шаарында өткөрүлгөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Аймактар аралык кызматташтыгынын Биринчи форумуна катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Акылбек Жапаров ошондой эле аймактар ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана өз ара кызыкчылык туудурган жаңы кадамдарды табуу кызыкчылыгында биргелешкен кадамдарды жасоо керектигин кошумчалады.

Минкаб төрагасы бир тууган шаар мамилелерин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү жаңы меморандумдар өндүрүштүк-техникалык продукцияларды, сырьелорду, эл керектөөчү товарларды, азык-түлүк жана жашылча-жемиштерди өз ара жүгүртүүдө жагымдуу шарт түзүлөөрүн билдирди.

Мындан тышкары, КР менен Казакстандын Биринчи аймактар аралык форумунун алкагында казак-кыргыз ишкерлеринин ортосунда бизнес диалогу дагы болуп өттү. Анын алкагында 60 млн доллардан ашуун эки тараптуу коммерциялык макулдашууларга жана келишимдерге кол коюлду.